Ош областынын Кара-Суу районунда жайгашкан «Каратай» бажы терминалынын айланасында Кытайдан келип түшкөн оор жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги пайда болду. Бул жердеги транспорттун кыймылы кыскарды жана айдоочулар көп убакыт жолдо күтүүгө аргасыз болууда.
Кара-Сууда оор жүк ташуучу автоунаалар жолдун эки тарабында бир нече чакырымга чейин токтоп турат. Анын айынан Ош–Алай багыты боюнча жеңил жана жүргүнчү унаалар да узак убакытка токтоп калышууда.
Транспортту ретке салуу үчүн жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери иш алып барууда, бирок оор жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги жагдайды толук жөнгө салууга мүмкүнчүлүк бербейт.
Ош областынын жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, оор жүк ташуучу автомобилдер Өзбекстанга кире албай турушунын себеби кыргызстандык автоунаалар үчүн Өзбекстанга кирүү уруксатынын (дозвол) бүтүшү болду.
Мурунку мезгилде «Каратай» таможнясынын аркылуу күнүнө 50дөн 100гө чейин оор жүк ташуучу автоунаа Өзбекстанга өтүп келген. Азыр болсо автоунаалар жүктөрүн Өзбекстандык унааларга кол менен өткөрүп берүү үчүн токтоп турат, натыйжада жерде узун кезек пайда болду.










