18-июнда Кыргыз Республикасынын президентинин Чуй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев Таш-Мойнок айылдык аймагынын калкы менен жолугушуу өткөрдү. Мындай жолугушуулар президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өлкөнүн бардык региондорунда өтүп жатат жана аларга облус жетекчилери, шаар мэрлери, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, прокуратура, ички иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышат.

Жолугушууда Кой-Таш айылынын тургуну Кыяз аттуу жаран Аламедин районунун жогорку зонасындагы саламаттык сактоо тармагындагы курч көйгөйлөрдү айтып берди. Анын сөзүнө караганда, беш айыл өкмөтүнө бир гана тез жардам машинеси кызмат кылат, ал эми дем алыш күндөрү Аламедин жана Чункурчак капчыгайларына 20-40 миң адам агылып келет — аларды да ошол эле бир машина тейлейт.