Бишкектин Кок-Жар кичи районунда чет өлкөлүк номер белгиси бар автоунаа кайрадан жөө адамдар жүргөн тротуар менен кыймылдап жатканы байкалды. Бул окуя тууралуу маалымат «Короче, KG» булагы аркылуу жеткен.

Белгилей кетсек, мындай учур бул кичи районда мурда да катталган. Жергиликтүү тургундар унаанын жөө адамдар үчүн ажыратылган аймак менен жүргөнүнө нааразычылык билдиришкен.

Мурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өлкөдө жашаган же жүрген чет өлкөлүктөргө кайрылып, алардын мыйзамдарды сактоого, кыргыз элинин каада-салтын, маданиятын жана үрп-адатын урматтоого милдеттүү экенин эскерткен. Тескерисинче болгон учурда, мындай адамдар өлкөдөн депортацияланышы мүмкүн.