Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, кырсык 15-июлда кечинде Бостери айылында болгон. Алдын ала маалымат боюнча, төрт чет элдик турист гидроцикл ижарага алып, жээктен болжол менен бир чакырым алыстыкта сүзүп жүргөн.
Аларынын экөө бири-бирине кагылышкан. Кагылышуудан кийин 30 жаштагы турист окуя болгон жерде эле каза болгон.
Окуя боюнча сот-медициналык жана сот-транспорттук экспертизалар дайындалды. Учурда иш боюнча иликтөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүп жатат.
