КР Конституциялык соту башка типтеги моторлору бар автоунааларга салыштырмалуу электромобилдер үчүн алдыңкы каптал айнектерди тонировкалоога уруксат берүүнүн баасы төмөнрөөк экенин белгилеген ченемди мыйзамсыз деп тапты. Чечим 10-ноябрда жарандар Талант Малайбековдун жана Тилек Алмазбековдун кайрылуулары боюнча кабыл алынды.

Бузуунун маңызы жана соттун чечими

Соттун пикири боюнча, Тондировкага уруксат берүүнү каттоо жана алымды төлөө тартибинин 4-пункту мыйзам алдында теңдик принциптерин бузат. Конституциянын 24-беренесине ылайык, бардык адамдар ар кандай белгилер боюнча дискриминациядан корголгон. Буга байланыштуу Кыргызстандын Министрлер Кабинетине мотордун тибине карабастан, бардык транспорт каражаттары үчүн алымдын өлчөмү бирдей шарттарда аныкталышы үчүн ченемдик актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү милдеттендирилди.

Тонировканын мурунку тарифтери (сом менен)

50 000сом (кадимки автоунаалар, резиденттер)
30 000сом (электромобилдер, резиденттер)
70 000сом (кадимки автоунаалар, юридикалык жактар)
50 000сом (электромобилдер, юридикалык жактар)
90 000сом (кадимки автоунаалар, нерезиденттер)
70 000сом (электромобилдер, нерезиденттер)

Уруксат берүүнүн баасындагы айырма өтүнүч берүүчүлөрдүн ар бир категориясы үчүн 20 миң сомду түздү. Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат, даттанууга жатпайт жана дароо күчүнө кирет.