КР Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактуралардын 2.0 версиясы деп аталган жаңы маалыматтык системасын сыноо максатында пилоттук долбоорду баштады. Бул демилге салыктарды башкаруу процессин санариптик форматка өткөрүүгө багытталган мамлекеттик саясаттын алкагында ишке ашырылууда.
Экономика
КР МСК электрондук эсеп-фактуралардын жаңы системасынын пилоттук долбоорун ишке киргизет
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактуралардын 2.0 жаңыртылган маалыматтык системасын киргизүү боюнча пилоттук долбоорду баштайт. Бул салыктык башкаруу процессин санариптик трансформациялоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун бир бөлүгү.








