Криптовалюталар рыногундагы масштабдуу сатуулар трейдерлер үчүн олуттуу терс натыйжаларды алып келди. Coinglass маалыматы боюнча, бир сутка ичинде карыз каражаттарды колдонгон 316 миңден ашык трейдердин позициясы автоматтык түрдө жабылды. Бул процессдин жалпы суммасы болжол менен 2 миллиард долларды түзөт.
Ликвидациянын көрсөткүчү
Баалардын төмөндөө себептери
Биткоиндын баасы август айынан бери биринчи жолу 65 миң доллардан төмөн түштү. CoinDesk маалыматына ылайык, рыноктогу бул кысым бир нече фактордон келип чыгууда. Алардын арасында АКШ долларынын чыңдалышы, Федералдык резерв системасынын пайыздык чендерди көтөрүү күтүүлөрү жана биткоинго инвестиция салуучу биржалык фонддордон акчалардын чыгып кетүүсү бар.
Ошондой эле, 5-ноябрдан 13-ноябрга чейин Американын спот Биткоин-ETF фонддорунда бир нече сатуу сессиялары катталган.
Башка криптовалюталардын абалы
Баалардын төмөндөө башка белгилүү криптовалюталарга да таасирин тийгизди. Мисалы, Ethereumнин курсу 9%дан ашык төмөндөп, болжол менен 1,75 миң доллар чейин түштү.
Биткоиндин баасы126 000 доллар63 800 доллар −49%
Учурда Биткоиндин наркы 2025-жылдын октябрь айында катталган 126 миң долларлык тарыхый максималдуу көрсөткүчкө караганда дээрлик эки эсе арзан.







