Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндөгү мыйзамдын ченемдерин Жарандык кодекске өткөрүп, өзүнчө мыйзамды жокко чыгаруу пландалууда. Бул боюнча Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин методологиялык камсыздоо башкармалыгынын жердик кадастр башкармалыгынын чечимдерди даярдоо секторунун башкы адиси Аманбек Кебеков билдирди.

Милдеттенмелер өзгөрбөйт

Агенттиктин өкүлүнин айтымында, бул чаралар мыйзам ченемдеринин кайталанышын жоюу үчүн жасалууда. Жаңы өзгөрүүлөр жарандар үчүн эч кандай кошумча милдеттенмелерди же чектөөлөрдү жаратпайт.

Мыйзам боюнча маалымат

58мыйзамдын беренелери
10кодекске өткөрүлө турган беренелер

Кебековдун түшүндүрмөсү боюнча, мыйзамдын калган беренелери азыркы учурда жергиликтүү ченемдик актыларда, атап айтканда каттоо эрежелеринде жазылган. Ошондуктан, кодекстин иерархиялык деңгээли мыйзамдан жогору болгондуктан, менчик ээлеринин укуктары мындан да жакшыраак корголот.

Кодекстем иерархия боюнча мыйзамдан жогору, ошондуктан менчик ээлеринин укуктары жакшыраак корголот.
Аманбек Кебеков

Өзгөрүүлөрдүн негизи

Бул өзгөрүүлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы №637 тескемеси менен бекитилген мыйзам долбоорлоо иштеринин планына киргизилген. Аталган чеңемдер жаңы Жер кодекси менен байланыштуу эмес.