Кыргыз тилин чет өлкөлөрдө сактоо маселеси: мугалим жана материал жетишсиздиги
Жогорку Кеңештин II эл аралык форумунда кыргыз диаспорасында кыргыз тилин сактоо жана өнүктүрүү маселелери талкууланды. Эксперттердин сунушуна ылайык, жалпы онлайн-платформа түзүү жана эки тилдүү китептер чыгаруу маанилүү деп белгиленди.


















