Акыркы беш жыл ичинде компания өз ишмердүүлүгүнүн багыттарын кеңейтип, масштабдуу трансформациядан өткөн. Башкаруу түзүмүнүн өзгөрүшүнөн тышкары, ишкана экономикалык көрсөткүчтөрдүн олуттуу өсүшүн көрсөттү.

Финансылык көрсөткүчтөр жана салыктык төлөмдөр

«Кыргызалтын» маалыматына ылайык, көрсөтүлгөн беш жылдык мөөнөттө ишкананын жалпы кирешеси 99 млрд сомдон ашты. Финансылык ишмердүүлүктүн маанилүү бөлүгү мамлекеттик фонддорго которулган каражаттар болду.

Беш жылдык төлөмдөр

6,8 млрдмамлекеттик бюджетке салыктар
662 млнСоциалдык фондго

Позитивдүү динамика учурдагы 2026-жылы да сакталууда. Биринчи тогуз айдын ичинде компаниялардын тобунун кирешеси 131 млрд сомдон ашты, ал эми таза пайда 82,3 млрд сомдон ашык болду. Бул сумманын ичинен 33,2 млрд сому түздөн-түз «Кыргызалтын» ААКка тиешелүү.

Кен казууну өнүктүрүү жана ресурстарды башкаруу

Мамлекеттик көзөмөлдүн алдында минералдык-чийки зат ресурстарын өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттардын бирине айланды. Мурда жеке инвесторлор тарабынан иштелип чыккан бир катар келечектүү тоо-кен участоктору эми мамлекеттик ишканалардын карамагында турат. Тактап айтканда, бул «Кумтор Голд Компани» жана «Макмал Голд Компани» дочь компанияларынын ишине тиешелүү.

Компания жеткенилген натыйжаларды өндүрүш көлөмүнүн өсүшү, ишмердүүлүктүн диверсификацияланышы жана башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу менен байланыштырат.