Кыргызстандын алкоголдук ичимдиктер жана сыра менен тышкы соодасында терең дисбаланс сакталып турат. Импорттук сатып алуулар экспорттук жеткирүүлөрдөн 16,2 эсеге көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында айтылат.

Аталган көрсөткүчтөр алкоголдук өндүрүш жана керектөө тармагындагы өлкөнүн стратегиясын кайра карап чыгуу зарылдыгын көрсөтүүдө.