Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы мэрдин тапшырмасынын негизинде 23-июлда кезектеги рейд жүргүзгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө "3222" ("Туман") рестораны жана "Мейсон" кафе-бары ызы-чуудан калкты коргоо боюнча талаптарды бузганы аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 82-беренесине ылайык, бул мекемелер жалпысынан 56 миң сом өлчөмүндө айыпка жыгылган.

Муниципалдык инспекция билдиргендей, жарандардын тынчтыгын камсыздоо жана мыйзам талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө максатында мындай рейддик иш-чаралар мындан ары да туруктуу негизде өткөрүлөт.