Кыргызстан Экономика жана коммерция министрлиги ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн гипсокартон, анын ичинде плиталар, барактар, панелдер жана башка окшош продукцияларды 6 айга убактылуу импорттоо чектелсин деген токтомдун долбоорун коомдук талкууга койду.

Бул чектөө ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден келүүчү товарларга тиешелүү эмес жана ички өндүрүштү колдоо максатында сунушталып жатат.