Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өзүнүн журналист Али Токтакунов менен болгон маегинде Владимир Путинди Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушунун маанилүүлүгүнө кантип ишендиргенин айтып берди.

Ал маегинде Путин менен жакын 40 мүнөт сүйлөшкөнүн, башында бири-бирин ишендирүү кыйынга туш келгенин, бирок акырында долбоордун маанисин түшүндүрө алганын белгиледи.