Эрлист Акунбеков Кытайдын эл аралык өнүгүү жана кызматташтык агенттигинин төрагасы Чэнь Сяодун менен болгон жолугушуусунда соода-экономикалык кызматташуу аясында чоң жетишкендиктерге жеткенин белгиледи.

Өткөн жылы КР жана КНР ортосундагы соода айлантуу 27 миллиард долларды түздү. Тараптар Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча азырынча активдүү иш жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

Ошондой эле Кытай тараптан «Бедель» өткөрмө пунктунун ачылышы жана Бедель — Барскоон жолунун курулушу боюнча маалымат берди.