13-августта Алматы шаарында Кыргызстандан Кабинеттин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков менен Казакстандын айыл чарба министри Айдарбек Сапаров жолугушту.

Жолугушууда азыктык буудайдын туруктуу жеткирүүсүн камсыздоо, Россиядан Казакстандын аймагынан транзиттик буудайдын өтүшү, минералдык жер семирткичтердин жеткирилиши жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, санариптештирүү жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү маселелери каралды.

Министрлер Кыргызстан менен Казакстандын агрохолдингдери менен биргеликте азыктык буудай жеткирүү маселесин иштеп чыгууга даяр экенин билдиришти. Кыргыз тарап Россия буудайынын Казакстан аркылуу үзгүлтүксүз транзитин камсыздоого жана Казакстандын буудайын сатып алуу көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Алар ошондой эле айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, айыл чарбаны санариптештирүү жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары биргелешип конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу жана координациялоого даяр экенин тастыкташты.