Алматыда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — министр Эрлис Акунбеков менен Казакстандын айыл чарба министри Айдарбек Сапаров эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуунун негизги маселеси Кыргызстан менен Казакстан арасындагы буудай жеткирүү көйгөйлөрүн каралоо болду. Тараптар эки өлкө ортосундагы айыл чарба өнөктөштүгүн өнүктүрүү жолдорун талкуулашты.