Акыркы жылдары Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн эң популярдуу туристтик багыттардын бирине айланды. Өлкөнүн кооз табияты, жеткиликтүү баалары жана визасыз режим туристтердин санынын туруктуу өсүшүнө шарт түзүүдө.

Туристтик агым тездик менен өсүүдө. Улуттук статистикалык комитеттин акыркы маалыматтарына ылайык, 2025-жылы туристтик сектордо эс алгандардын жалпы саны 5,31 миллион адамды түзгөн. Бул 2024-жылдагы 3,66 миллион адамга салыштырмалуу 45,2% га көп.

Туристтик агымдын өсүшү

5,31 млн2025-жылдагы жалпы туристтер
+45,2%2024-жылга салыштырмалуу өсүш
3,57 млнУюшкан сектордогу туристтер (2025)
+50,3%Уюшкан сектордун өсүшү