Бүгүн, 24-июлда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевди 69 жаш курагындагы туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, түгөнгүс күч-кубат жана мамлекеттик ишмердигинде мындан ары да ийгиликтерди каалады.
Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевдин жетекчилиги астында Өзбекстанда ишке ашырылып жаткан олуттуу социалдык-экономикалык реформаларды белгилеп, алар өзбек элинин жашоо деңгээлин жакшыртууга өбөлгө түзүп жатканын айтты. Ошондой эле, Садыр Жапаров эки тараптуу демилгелерге көрсөткөн жеке колдоосу үчүн Шавкат Мирзиёевге ыраазычылык билдирип, анын Борбордук Азиядагы аймактык кызматташтыкты чыңдоодогу маанилүү ролун баса белгиледи.
Мамлекет башчысы 21-июлда Бишкекте өткөн «Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин жолу» китебинин кыргызча басылышынын ийгиликтүү бет ачарын да белгиледи. Иш-чарага эки өлкөнүн мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү, Кыргызстандагы өзбек диаспорасы катышкан.





