Кыргызстан менен Япония чакан жана орто бизнести колдоо жаатында кызматташууну кеңейтүү максатында жаңы долбоорлорду ишке киргизүүгө даярдык көрүп жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Токодо Япониянын Эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) жетекчилери менен болгон жолугушууда билдирген.
Министрдин орун басары JICA жана Кыргызско-япон борборунун аймактарда жүргүзгөн ишмердүүлүгүн жогору баалаганын белгилеп, бизнес окуулар менен мамлекет тарабынан субсидиялануучу насыялардын айкалышы ишкерлерге эффективдүү колдоо көрсөтүүдө маанилүү экенин айткан.
Ошондой эле, Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик саясаттын алкагында аймактарда Кыргызско-япон борборунун окутуу программаларын кеңейтүү пландалууда.
Жолугушууда «Бир айыл — бир продукция» долбооруна өзгөчө көңүл бурулуп, анын ийгиликтүү тажрыйбалары мамлекеттик экономикалык саясатка киргизүү максатында каралууда.
Андан тышкары, тараптар бизнес үчүн туруктуу каржылоо жеңилдетүү максатында Кыргызстандын Гарантиялык фонду аркылуу япон кредиттик-гарантиялык системасын киргизүү боюнча келишимге келишти.



