ШаарЭскерүүлөр: 20
Токио — столица Японии, одна из 47 префектур Японии, самый населённый город в мире.

Air Astana авиакомпаниясы 30-ноябыр айынан баштап Алматыдан Токиого түз рейстерди ишке киргизет. Кыргызстандык жол жүрүүчүлөр үчүн бул Японияга баруу жолун оңойлатат

Жапониянын парламент депутаттары өлкөдө экинчи борбор шаарды түзүүнү караган мыйзам долбоорун кабыл алышты. Бул чечим Токиодо чоң табигый кырсык болгон учурда өкмөттүн ишин камсыз кылууга багытталган.

Кыргызстан менен Япония чакан жана орто бизнес тармагында кызматташтыгын тереңдетүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Токодо Япониянын Эл аралык кызматташуу агенттигинин жетекчилиги менен жолугушуусунда маалымдалды. Жаңы этапта япон кредиттик-гарантиялык системасы киргизилип, ишкерлерди колдоо үчүн бириккен «МСП-Хаб» түзүлөт.

Жетети-Өгүз районунун билим берүү тармагынын өкүлдөрү иштөө сапарына чыгып, Японияда болгон. Катышуучулар япон мектептеринин жана бала бакчаларынын алдыңкы тажрыйбаларын изилдештирүү менен кошумча маалыматтарды алмаштырууну максат кылышкан. Ошондой эле Токиодогу Кодайра шаарынын өкүлдөрү менен кызматташууну кеңейтүү боюнча маселелер талкууланган.
Бул баракта жазылгандан көбүрөөк билесизби? Толуктоо сунуштаңыз — жарыялаганга чейин текшерүүдөн өтөт.
Фактылардын булактары: Викиданные.
Кырлар — бир Story ичиндеги биргелешкен эскерүүлөр. Профилди ачуу үчүн түйүндү басыңыз.
Ар бир БАК боюнча чагылдыруунун тону — анын материалдарындагы эскерүүлөрдүн орточосу. «Баасыз» — тон азырынча белгиленген эмес.