Кыргызстандын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев жана Япониянын парламенттик вице-министри Эри Арфия экология, климат жана табигый ресурстарды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча жолугушуу өткөрүштү.

Негизги талкуу предмети катары критикалык минералдар боюнча тажрыйба алмашуу жана технологияны киргизүү маселелери каралды. Тараптар ушул жаатта биргелешкен программаларды ишке ашырууну пландап жатышат.

Абанын сапатын жакшыртуу боюнча Япониянын жетишкендиктери бөлүнүп көрсөтүлүп, Кыргызстан ал технологияларды өздөштүрүп, өз шаарларында абаны булгануудан коргоо аракеттерин күчөтүүгө ниеттүү экендигин билдирди.

Ошондой эле, келишимдин алкагында парник газдарын азайтууга багытталган Жогорку кредит механизми (JCM) ишке ашырылат, кадрларды даярдоо, илимий-техникалык кызматташтык күчөтүлөт.

Өлкөдө тоо аймактарын туруктуу өнүктүрүү, климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташуу жана экосистемаларды сактоо, ошондой эле экотуризмди өнүктүрүү маселелери да кенен талкууланды.

Япония Кыргызстан менен узак мөөнөттүү технологиялык кызматташтыкка даяр
Эри Арфия

Акыл Токтобаев япон тажрыйбасы Кыргызстандын экологикалык стратегиясын калыптандырууда маанилүү рол ойной турганын белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптын практикалык өнөктөштүктү мындан ары дагы чыңдоого умтулуусу тастыкталды.