Бишкек шаарын айланып өтүүчү транспорттук кольцевой жол кыска мөөнөттө курулат деп маалымдалат. Бул жол түндүк, чыгыш жана түштүк айланма жолдорун бириктирип, шаар ичинде жана сыртындагы транспорттук агымды жеңилдетүүгө багытталган.
Кольцевой жолдун негизги бөлүгүнүн бири катары түндүк айланма жол каралган. Ал Кант шаарынан Кара-Балтага чейин 33,4 километр узундукта болот.
Азыркы учурда түндүк айланма жолдо курулуш иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Курулуш жумушчулары күндүз-түнү иштеп, жолдун түштүк бөлүгүндөгү Васильевский тракттан Кантка чейинки бөлүгүн аяктоо максатында учурда болжол менен 13 чакырым асфальт төшөлдү.
Курулуштун кийинки баскычында жолдун түндүк бөлүгүндө жерди даярдоо жана асфальт төшөө иштери башталат.
Бул иштер China Road and Bridge Corporation компаниясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Транспорт министрлигинин тапшырмасы менен аткарылууда.
Кольцевой жолдо жалпы 13 унаа өтмөгү курулат. Алардын ичинен эки өтмөк баштапкы абалына кайра оңдолот.



























