Киберкылмышкерлердин жарандардын атына онлайн-кредиттерди алуу жана акчаны чыгарып кетүү тобокелдиктерин азайтуу үчүн жаңы механизм иштелип чыкты. Бул боюнча Улуттук банктын маалыматтык коопсуздук администратору Султан Кубанычбек уулу кибермошенничтик маселелери боюнча өткөн тегерек столдо билдирди.

Күтүү мөөнөтү суммасына жараша кандай болот

Жаңы тартипке ылайык, кредиттин өлчөмүнө карап төмөнкүдөй күтүү мөөнөттөрү белгиленген:

Кредит суммасына жараша күтүү мөөнөттөрү

12саат күтүү (100 миң сомдон жогору)
4саат күтүү (50 миңден 100 миң сомго чейин)
0саат (50 миң сомго чейин)

Бул чечим мошеннистер жарандардын атына насыя алып, акчаны тез арада чыгарып кеткен учурларына байланыштуу кабыл алынды. Мындай учурларда карыз алуучулар банкка карыз болуп калуу коркунучуна туш болушту.

Кошумча коргоо чаралары

Улуттук банк кардарларды коргоо үчүн антифрод-системаны колдонууну пландаштырууда. Бул система төлөмдөрдүн жыштыгын, убактысын, IP-даректерин жана географиялык абалын талдап, операциялардын тобокелдигин баалайт. Ошондой эле, банктар коопсуз эмес реквизиттер жөнүндө бири-бирине маалымат берип, ал аркылуу акча чыгарууну токтотуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.