Кыргызстандагы 2026-жылга карата эгилип себүү аянты 1 млн 264,8 миң гектарды түзүп, 2025-жылга салыштырмалуу 19 миң 358 гектарга көбөйдү. Бул 1,6% көрсөткүчүнө барабар.
Нарын облусунда эгилип себүү аянты 11 миң 211 гектарга көбөйүп, 9,7% өсүү менен 126 миң 843 гектарга жетти. Жалал-Абад облусунда 6 миң 57 гектарга көбөйүп, жалпы 170 миң 63 гектарды түздү.
Ош облусунда эгилип себүү аянты 1 миң 164 гектарга көбөйүп, 179 миң 681 гектарга жетсе, Талас облусунда 1 миң 770 гектарга өсүп, жыйынтыгында 110 миң 383 гектарга жетти. Ысык-Көл облусунда 859 гектарга көбөйүп, себүү аянты 184 миң 271 гектар болду.
Баткен облусунда эгилип себүү аянты 1 миң 118 гектарга кыскарып, 65 миң 524 гектарды түздү. Чүй облусунда да аянт 1 миң 208 гектарга азайып, 412 миң 213 гектарга жетти.
Бишкек шаарында себүү аянты 9 миң 794 гектар, Ош шаарында 6 миң 38 гектарга жетти, буга чейин жылда салыштырмалуу сандар 9 миң 584 жана 5 миң 626 гектар болгон.



















