Кыргызстанда 2026-жылы мектеп мугалимдерине 16 миң 185 ноутбук бөлүү пландалып жатат. Бул тууралуу Министрликтин мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура бөлүмүнүн башчысы Тимур Дуйшеев билдирди.

Буга чейин, 2024-жылы мектептерге 27 миң 31 ноутбук сатып алынып, мугалимдерге таратылган. 2025-жылы болсо дагы 20 миң 286 ноутбук тимеленген.

2026-жылдын башынан тартып республикалык бюджеттин эсебинен 28 мектеп жана 3 бала бакча бүткөрүлүп, 18 мектеп менен 4 бала бакчанын капитальный ремонту жасалды.

Ошондой эле, жалпы республикалык бюджетте билим берүү уюмдарын керектүү мебель менен камсыздоо үчүн 67,2 миллион сом каралган.