Чүй облусундагы Арашан – Чункурчак унаа жолунун курулуш иштери уланууда. Бул жолдун жалпы узундугу 21,7 чакырымды түзөт.
16-кмден 20-кмге чейинки участокта асфальттын экинчи катмары төшөлүп жатканы кабарланган.
Мындан тышкары, эки көпүрөнүн курулуш иштери толугу менен бүткөрүлдү. Жолдон боюндагы тосмо дубалдар жана суу өткөрүүчү түтүктөр дагы орнотулду.
Жолдун коопсуздугун арттуу максатында коркунучтуу аймактарда жол белгилери жана металл тосмолор көркөмдөлүүдө.
Арашан – Чункурчак жолу – Чункурчактагы тоо лыжа базалары жана эс алуулук зоналарына жетүү үчүн негизги маршруттардын бири болуп саналат.
Курулуш аяктагандан кийин туристтик объектилерге жетүү жолдору жеңил, ылайыктуу жана коопсуз болмокчу.








