Кыргызстанда мамлекеттик башкаруунун жаңы стандарттары – ачыктык жана чынчылдык принциптерине негизделип, ишке киргизилүүдө. Президент Садыр Жапаров өлкөнүн ар кайсы региондорунда калк менен түз жолугушууларды өткөрүп, жеринде көйгөйлөрдү чечүү аракетин күчөтүүдө.
Чиновниктерден бюрократиядан баш тартып, мамлекеттик кызматтарга жеткиликтүү, түшүнүктүү тилде көрсөтүү талап кылынууда. Бул багытта эки айлык «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоору Министрлер кабинетинде жыйынтыкталды жана саясий чөйрөдө кызыгуу жаратты.
Эксперттердин пикиринде, бул долбоор убактылуу акция эмес, туруктуу мамлекеттик саясаттын стандардынаны болушу маанилүү. Мурдагы жылы мамлекеттик башкарууда бюрократия, коррупция жана жогорку бийликтин адилетсиздиги себептүү коомчулуктун ишениминен ажыраган учурлар көп кездешкен.
Азыркы бийлик мамлекеттик кызматтарды коррупциядан тазалоо жана бюрократияны азайтууга багытталган аракеттерди улантып жатат. Мамлекеттик мекемелерде документ алмашууну жана макулдашууну санариптештирүү жүрүп жатат. Ар жылы өлкөдө элдик курултай өткөрүлөт.






