Кыргызстандык акындар Дүйнөлүк поэзия конгрессине катышуу үчүн 26-июлда Алматы шаарындагы Өнер музейинде топтолушат. Бул эл аралык иш-чара Евразиядан келген поэзия сүйүүчүлөрүн бириктирип, маданият ортосунда көпүрө болууга багытталган.
Конгресс VI Эл аралык «Жибек жолу» поэзия фестивалынын программасынын бир бөлүгү болуп саналат. Иш-чарага Кытай, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан келген акындар катышып, поэзиянын элдерди жакындаштыруудагы ролун талкуулашат.
Мындай доордо маданий баалуулуктарды сактоо жана достук байланыштарды бекемдөө маанилүү экени баса белгиленүүдө. Конгресс программасынын алкагында көп тилдүү поэтикалык окуулар, чыгармачылык жолугушуулары жана маданий алмашуулар пландалган.
Конгресстин негизги максаты – тынчтыкты бекемдөө, маданий ар түрдүүлүктү урматтоо жана поэзия аркылуу элдердин ортосундагы түшүнүшүүнү жогорулатуу.
Модераторлор катары Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Египеттен таанымал адабиятчылар жана акындар чакырылган.