Кыргызстанда Аскер-деңиз флотунун күнү белгиленип, бул датага карата флоттун ардагерлери Бишкектеги Өчпөс отко чогулушту. Алар мекенди коргоо жолунда курман болгондордун элесине таазим этип, эстеликке гүл коюшту.
Деңизге түз чыгуусу жок мамлекет болгонуна карабастан, Кыргызстанда өмүрүн бир кездерде деңиз менен байланыштырган адамдар бар.
Ветерандык уюмдардын билдирүүсүнө ылайык, бүгүнкү күндө Кыргызстанда Балтика, Түндүк, Тынч океан жана Кара деңиз флотторунда кызмат өтөгөн алты миңге жакын адам жашайт.
Кыргыз Республикасында Аскер-деңиз флотунун күнү июль айынын акыркы жекшембисинде белгиленет.

