Кыргызстандын №20636 аскер бөлүгүнүн окуу борборунда «Центр-2026» аталыштагы биргелешкен тактикалык машыгуу 17-августта аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлиги билдирди.

Машыгууга Кыргызстандын жана Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлери катышты. Учурдагы машыгуу 11-17-август аралыгында «Эдельвейс» аскерлердин машыгуу полигонунда өттү.

Иш-чарага болжол менен 500гө жакын аскер кызматкери жана 100гө жакын курал-жарак, аскер техникасы, ошондой эле согуштук FPV-дрондор жана аскер авиациясы каршы участкаларда колдонулган.

Машыгуунун жыйынтыгы боюнча жетекчилик аскер бөлүктөрүнүн билимин жана күнүмдүк иштерде биргейликти жогору баалады. «Центр-2026» машыгууларынын алкагындагы милдеттер толук аткарылды.

Жыйынтыктоочу аземде өз милдеттерин мыкты аткарган аскер кызматкерлери медалдар жана баалуу белектер менен сыйланышты.