Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан алынган маалымат боюнча, 7-августтан 13-августка чейин 36 536 жол кыймылынын эрежесин бузуу фактысы аныкталды.
Жол эрежелерин бузуу катталган негизги категориялардын ичинен эң көп учурларды жол кыймылынын башка эрежелерин бузуулар түзөт – 21 172 факт.
- Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 5 865 учур
- Белгиленген ылдамдыктан ашыруу — 2 129 учур
- Жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда жол эрежелерин бузуу — 1 942 факт
- Тиешелүү документтери жок автоунаа башкаруу — 1 003 факт
- Мас абалында транспорт каражатын башкаруу — 534 учур
- Айнектерди мыйзамсыз караңгылатуу — 288 факт
- Автобейбаштык — 32 факт
- Жасалма мамлекеттик каттоо номерлери бар автоунааларды башкаруу — 19 факт
Ошондой эле 3 552 унаа жокко чыгаруу айып токтотуучу жайларга токтотулган.
ИИМ жол кыймылынын катышуучуларын жол эрежелерин так сактоого, жоопкерчиликтүү жүрүүнү камсыздоого жана бири-бирине сый-урмат менен мамиле кылууга чакырды.








