17-июлдан 23-июлга чейинки мезгил аралыгында ЖКККББнын кызматкерлери Кыргызстанда жол кыймылынын эрежелерин бузуунун 23 735 фактысын аныктады.
Жол эрежелерин бузуу фактылары
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери 17-июлдан 23-июлга чейин өлкө аймагында жүргүзгөн рейддердин натыйжасында жол кыймылынын эрежелерин бузуунун 23 миңден ашык фактысы аныкталды. Анын ичинде мас абалында унаа айдоо, айдоочулук күбөлүгү жок башкаруу жана жасалма мамлекеттик номерлерди колдонуу сыяктуу одоно бузуулар да катталды.
Мындан тышкары, жалпысынан 3 217 унаа айып унаа токтотуучу жайга киргизилген.
ЖКККББ айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырды.
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Жакшыраак сунуштарды алуу үчүн кириңиз