Кыргызстанда 2024-2025 окуу жылына мектептерге кабыл алуу иш-чаралары уланууда. Расмий маалыматтарга караганда, учурда биринчи класска кабыл алынган окуучулардын саны болжол менен 134 миңге жетти.

Мурдагы жылдар менен салыштырганда, алгачкы класстарда бош орундар сакталып келет. Азыркы учурда алгачкы класстарда 59 миңдей орун бош бойдон калууда.

Бул тууралуу маалыматтар өлкөнүн расмий билим берүү порталы 1mektep.edu.gov.kgдан алынды, анда ар бир мектепке кабыл алуу боюнча учурдун абалы ачык-айкын көрсөтүлгөн.