Нарын облусундагы Кель-Суу жана Кок-Кыя аймактарында таштандылардан тазалоо жүргүзүлдү. Бул иштерди Министрликке караштуу Табият ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл боюнча мамлекеттик кызматы уюштурду.
Тазалоо ишине Нарын регионалдык инспекциясынын кызматкерлеринен тышкары, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн «Ак-Моюн» муниципалдык ишканасы жана туризм жаатында иштеген жергиликтүү тургундар катышты.
Министрликтин билдирүүсүндө мындай санитардык иш-чаралар Кель-Суу жээгиндеги аймактарда үзгүлтүксүз өткөрүлүп келгени белгиленип, алар айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык абалды жакшыртуу багытында жүргүзүлөрү айтылды.
Туристтик сектордун жана жергиликтүү калктын активдүү катышуусу табиятты сактоого жана коомчулукта экологиялык маданиятты жогорулатууга өбөлгө түзүп жатканын министрлик белгиледи.
Мындан мурда коомдук тармактарда Кель-Суу аймагында таштандылардын топтолгондугу тууралуу маалыматтар тараган. Себеби катары акыркы үч күндүн ичинде үзгүлтүксүз жааган жамгырлардан суу деңгээли көтөрүлүп, таштандылар суу айдынга жана жээкке жеткени көрсөтүлдү.













