Талаалардын бөлүнгөн түзүлүшү аграрийлерге заманбап техниканы колдонууга жана суу ресурстарын натыйжалуу башкарууга тоскоолдук кылат. Бул маселелерди Кыргызстандын 2050-жылга чейинки рационалдуу жерди пайдалануу жана мейкиндикти өнүктүрүү концепциясынын алкагында чечүү пландалууда.
Кичинекей жерлерди пайдалануудагы көйгөйлөр
Документке ылайык, учурда айыл чарба жерлеринин чоң бөлүгү кичинекей жана бөлүнгөн участокторду түзөт. Мындай түзүлүш өндүрүш үчүн бир катар олуттуу тоскоолдуктарды жаратат:
- Ири энергияны үнөмдөөчү техниканы, эгин себүүчү комплекстерди жана түшүм жыйноочу машиналарды колдонуунун кыйындашы.
- Кээ бир иштерди кол менен же төмөн өндүрүмдүүлүгү бар жабдыктар менен аткаруу зарылчылыгы.
- Ар бир өзүнчө участокту иштетүүдө отунга, ташууга жана жумушчу күчкө кеткен чыгымдардын көбөйүшүнөн улам продукциянын өздүк наркынын жогорулашы.
- Сууну бөлүштүрүүдө жана ирригациялык каналдарга тейлөөдөгү кыйынчылыктар, бул суунун жоголушуна жана колдонуучулардын ортосундагы чыр-чатактарга алып келет.
Топурактар үчүн тобокелдиктер
Экономикалык факторлордон тышкары, жерлердин бөлүнгөн түзүлүшү топурактын сапатына терс таасирин тийгизет. Аянттардын кичинекейдигинен улам фермерлер көп учурда себүү тартибин бузуп, бир эле өсүмдүктү бир нече жыл катар эгип келишет. Бул жердин түгөнүшүнө, органикалык заттардын азайышына, ошондой эле чөптөрдүн жана оорулардын жайылышына алып келиши мүмкүн.








