Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи жарымынын жыйынтыгы боюнча буудай эгилген аймактардын 31 пайызы жыйналды. Бул тууралуу Суулар ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун өткөргөн аппараттык жыйынынан белгилүү болду.

Жыйында буудайдын техникалык түрдө ырааттуу жана убактылуу жыйылышын камсыз кылуу, ошондой эле айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө уюштуруу жана техникалык колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды.

Ветеринардык кызматтардын, мал чарбачылыктын, жайыттардын жана мал азыктарынын өнүгүшү боюнча отчет угулуп, эпизоотикалык кырдаалды турукташтыруу максатында алдын алуу жана ветеринардык санитардык иш-чаралардын толук көлөмдө жүргүзүлүп жатканы жарыяланды.

Ветеринардык кызматтардын санариптештирилиши алкагында "Тулпар" аттуу маалыматтык система аркылуу электрондук ветеринардык коштоочу документтер берилүүдө. Бул система Россиянын "Меркурий" системасы менен интеграцияланган.

Эрлист Акунбеков жайыттарды рационалдуу пайдалануу, зыяндуу чөптөргө каршы күрөшүү, "Тартипке салынган талаа" долбоорун жүзөгө ашыруу жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жеңилдетилген насыя берүү программаларынын натыйжалуулугун көтөрүү боюнча тапшырмалар берди.

Тармактык бөлүмдөрдүн жетекчилерине белгиленген милдеттерди сапаттуу жана убагында аткаруу, жыйноо иш-чараларын уюшкандыкта өткөрүү, фермерлерге жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө колдоо көрсөтүү, ошондой эле жеңилдетилген насыя берүү долбоорлорун эффективдүү ишке ашыруу тапшырмасы жүктөлдү.