Саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн каражат дээрлик үч эсеге өстү

Өлкөдө медицина тармагын каржылоо көлөмү акыркы жылдары байкалаарлык көбөйдү. Эгерде 2021-жылы тармакка 26 миллиард сом бөлүнгөн болсо, 2026-жылы бул көрсөткүч 73,1 миллиард сомго жетип, дээрлик үч эсеге өскөн.

Саламаттык сактоону каржылоо26 млрд сом73.1 млрд сом +181%

Каражаттын көбөйүшү ооруларды заманбап ыкмалар менен дарылоого жана өлкө ичинде татаал операцияларды жасоого жол ачууда.

Биз жогорку технологиялык медицинаны жигердүү киргизип жатабыз. 2025–2026-жылдары бөйрөк алмаштыруу боюнча 51 операция жасалды. Мындан тышкары баасы 460 миллион сом болгон «гамма-бычак» радиохирургиялык системасы сатылып алынды. Ошондой эле хирургиялык роботту сатып алуу иштери жүрүүдө.
Адылбек Касымалиев, Министрлер кабинетинин төрагасы

Инфраструктураны жаңыртуу жана жаңы техникалар

Ошондой эле сейрек кездешүүчү ооруларды дарылоого каражат бөлүнүп, пренаталдык скринингди ишке ашыруу максатында «Үмүт» улуттук программасы бекитилген. Медициналык мекемелердин инфраструктурасын оңдоп-түзөө боюнча 2025-жылы 1 миллиард 449 миллион сомго 10 объект курулса, 2026-жылы 6 объекттин курулушу аяктаган. Учурда онкологиялык илдетке чалдыркандар үчүн балдар пансионаты салынып жатат.

Медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу максатында кызматтык жана атайын унаалар сатылып алынды.

Сатылып алынган унаалар

113тез жардам унаасы
10кызматтык автоунаа
10медициналык калдыктарды ташуучу унаа

Контекст

Бул маалыматтар Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тарабынан өлкөнүн саламаттык сактоо тармагындагы акыркы жылдардагы өзгөрүүлөр тууралуу отчет берип жатканда айтылды.