“Ишкердик субъекттерин текшерүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын коомдук тамактануу жайларын текшерүү боюнча ыйгарым укуктарын кеңейтүү максат кылынууда. Бул демилге калктын саламаттыгын коргоого жана санитардык стандарттардын сакталышын камсыздоого багытталган.

Сунушталган мыйзам долбоору Кыргызстандын бардык аймагындагы коомдук тамактануу объекттерине тиешелүү болот. Долбоор учурда коомдук талкууда, жарандар жана тиешелүү тараптар өз сунуштарын жана пикирлерин билдирсе болот.