Президент Садыр Жапаров кылмыш иштерин токтотуу тартибин өзгөрткөн жана аскер кызматкерлерин камсыздандыруу эрежелерин тактаган мыйзамга кол койду.

Жаңы мыйзамга ылайык, айыпталуучунун күнөөсү сот тарабынан тастыкталышы талап кылынган учурларда кылмыш ишин токтотууга тыюу салынат.

Эгерде мындай иш мурда токтотулган болсо, аны кайрадан жандандырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындан тышкары, кылмыш иши токтотулгандан кийин бөгөт коюу чарасын, кызматтан убактылуу четтетүүнү жана башка чектөөлөрдү жокко чыгаруу тартиби да такталды.

Өзгөрүүлөр аскер кызматкерлерин камсыздандыруу тармагына да таасирин тийгизди.

Жаңы эрежелерге ылайык, эгерде өлүм же ден соолукка келтирилген зыян кылмыштын натыйжасында келип чыкса жана аскер кызматкеринин күнөөсү соттун күчүнө кирген чечими менен тастыкталса, камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлбөйт.