Президент Садыр Жапаров Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Жаныбек Асанбеков менен жолукту. Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекет башчысы компетенттүү мамлекеттик органдарга Асанбековдун депутаттык мандатына байланыштуу маселени дагы бир жолу ар тараптуу изилдеп чыгууну тапшырды.

Бул тууралуу мурдагы депутаттын тарапташы Карачач Шакирова өзүнүн социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу маалымдады.

Эске салсак, 2026-жылдын апрель айында Борбордук шайлоо комиссиясы Жаныбек Асанбековдун Бишкек шаардык кеңешинин депутаты катары ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Бул Асанбековдун жеке арызынын негизинде жасалган.

Кийинчерээк, президенттин Жумгал районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда, Асанбеков өзүнүн арызын кысым жана коркутуулардан улам жазганын айткан. Ошол кезде Садыр Жапаров бул кырдаалды жеке өзү териштирип чыгарын убада кылган болчу.