Кыргызстанда «Мал аман» деген мамлекеттик ветеринария ишканасын түзүү пландалууда. Бул мекеме ветеринардык кызматтардын сапатын жогорулатуу жана ветеринардык дарыгерлерди колдоо максатында уюштурулуп жатат.

Биринчи этапта ишканада 1,5 миңге жакын жеке ветеринардык дарыгер жумушка алынат. Алар мамлекеттик тапшырмаларды аткарып, малдарга вакцинация жасоо, кан анализдерин алуу жана башка ветеринардык иштерди жүргүзүшөт.

Мамлекеттик тапшырмаларды сапаттуу жана өз убагында аткарган ветеринарларга айлык төлөнөт. Айлык 30 миң сомдон 40 миң сомго чейин болуп, кошумча ийгиликтерине жараша бонустар берилет. Натыйжада жалпы киреше 100 миң сомго чейин жетиши мүмкүн.

Ветеринардык адистер мамлекеттик кызматка өтүп, туруктуу айлык менен камсыз болууга мүмкүнчүлүк алышат. Алар өзүнчө жарандардан мал дарылоо, операциялар жана башка кызматтар үчүн да акы алууга уруксат берилет.

Бул долбоор азыркы учурда тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашууда. Ишкана толук кандуу иштеп баштоо келерки жылдан башталат.