Ветеринардык препараттарды камсыздоого болгон жаңы ыкма Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүрүү кызматынын директору Адилет Сотовалдиев Жогорку Кенештин Агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынында сунуштады. Анын айтымында, ведомство тендерлерди өткөрүүнүн ордуна, эми вакциналарды өндүрүүчү заводдордон түз сатып алат.

Аптекаларды көзөмөлдөө жана рецепт менен берүү

Ветеринардык препараттардын рыногун көзөмөлдөөнү күчөтүү үчүн азыр пилоттук тестирлөө стадиясынан өтүп жаткан маалыматтык система иштелип чыкты. Системаны киргизүү ветаптекалардын ишин тартипке келтирүү зарылчылыгы менен байланыштуу. Министрлер Кабинетинин бекитилген токтомуна ылайык, препараттарды адам медицинасына окшоштуруп, жеке ветеринардык дарыгерлердин рецепттери боюнча гана берүү пландалууда.

Мындай чаралардын зарылчылыгын Жогорку Кенештин депутаты Табылды Муратбеков белгиледи. Ал мал оорусунун жазгы өспөгү учурунда малчылар жана ветаптекалардын ээлери дарылоону көзөмөлсүз жүргүзүшкөнүн айтты.

Мамлекеттик ветаптекалар

Талкуунун алкагында «Эл Аман» тармагынын тажрыйбасын колдонуу менен ар бир райондо консультациялык борборлору бар мамлекеттик ветеринардык аптекаларды түзүү боюнча сунуш айтылды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин орун басары Асылбек Сатыбалдиев мындай мамлекеттик ишкананы түзүү 2027-жылы «Агрохолдинг» базасында пландалып жатканын билдирди.