Кыргызстанда мамлекеттик казначылык облигацияларынын 500 миллион сомдук жалпы көлөмүнөн 230 миллион сому сатылды. Бул маалыматты Кыргыз фондулук биржасынын вице-президенти Мыктыбек Абиров жергиликтүү радиостанциялар менен маегинде билдирди.

Мыктыбек Абировдун айтымында, бул демилгени өлкө башчысы Садыр Жапаров сунуштаган, андан соң өкмөт тарабынан тиешелүү тапшырма кабыл алынып, облигациялар Кыргыз фондулук биржасы аркылуу жайгаштырылууда.

«Бул негизинен калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында жасалды. Себеби, жылдык 17% киреше көрсөткүчү мамлекеттик баалуу кагаздар үчүн абдан жогорку көрсөткүч болуп саналат»,— деди Абиров.

Анын айтымында, бул облигациялар бир нече жылдан бери фондулук биржада сатылып келет. Эгерде мурда негизги сатып алуучулар банк жана камсыздандыруу компаниялары болсо, азыр жарандарга да пилоттук режимде аларды алуу мүмкүнчүлүгү берилген.

«Азыркы күндө 500 миллион сомдук облигациялардан 230 миллиону сатылып бүттү. Бул жакшы көрсөткүч болуп саналат. Келерки айдын ичинде бүт сатылып кетет деп үмүттөнөбүз»,— деди ал.

Абировдун маалыматы боюнча, акыркы жылдары Кыргызстандын баалуу кагаздар рыногу да чоң өсүүдө. Мисалы, 2023-жылы фондулук биржадагы баалуу кагаздар сатылган көлөмү 29 миллиард сом болсо, 2024-жылы 109 миллиард сомго, 2025-жылы 119 миллиард сомго жетти.