Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги Москва менен анын аймагында жашап жаткан же барууну пландап жаткан кыргыз жарандарына жаңы талаптарды жарыялады.
1-сентябрдан баштап «Амина» мобилдик тиркемесин миграциялык каттоо үчүн милдеттүү колдонуу кеңейет. Бул талап 18 жаштан жогору чет өлкөлүктөргө тиешелүү болот.
Кимдер үчүн милдеттүү?
- Москва жана анын аймагындагы окуу жайларда билим алып жаткан студенттер (18 жаштан жогору)
- Эмгек ишмердүүлүгү боюнча бул аймакта жүргөн чет өлкөлүктөрдүн үй-бүлө мүчөлөрү
- Эмгек ишмердүүлүгү менен байланышпаган жеке, коноктук, туристтик жана башка максаттар менен Москвага келгендер, эгерде алардын жарандыгы 90 күндөн ашык болсо
18 жашка толбогон чет өлкөлүктөр үчүн бул талап колдонулбайт.
Министрлик аталган категориядагы жарандарыбызга «Амина» тиркемесин алдын ала орнотуп, керектүү каттоодон өтүүнү сунуш кылат.








