Министрлер Кабинети улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламентине өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу Tazabek басылмасы маалымдады. Тиешелүү №490 токтом 2026-жылдын 17-июлунда кабыл алынып, 21-июлда «Эркин Тоо» гезитинде жарыяланган.

Документ эл аралык спорттук, маданий, туристтик жана башка коомдук маанидеги мамлекеттик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан долбоорлорду мамлекеттик колдоо максатында кабыл алынган.

Өзгөртүүлөргө ылайык, мамлекеттик маанидеги долбоорлорго эми мамлекеттик башкаруу, экономика, туризм жана социалдык чөйрөдөгү стратегиялык инфраструктуралык объекттерди түзүү жана өнүктүрүү боюнча долбоорлор кирет.

Ошондой эле, эл аралык спорттук, маданий, туристтик жана башка коомдук маанидеги иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан, Президенттин же Министрлер Кабинетинин чечимдери боюнча ишке ашырылган долбоорлор да ушул категорияга киргизилген.

Мындай долбоорлор толугу менен же жарым-жартылай мамлекеттик бюджеттин, тартылган каражаттардын эсебинен же мамлекеттик активдерди салым катары колдонуу менен каржыланышы мүмкүн.

Регламентте долбоорлорду тандоодо долбоордун статусу, мамлекеттик преференциялардын түрлөрү, анын ичинде салыктык ставкалар же салыктардын түрлөрү боюнча бошотуулар, ошондой эле мындай преференцияларды берүү мөөнөттөрү көрсөтүлөрү такталган.

Мамлекеттик же муниципалдык маанидеги инфраструктуралык объекттерди курууга, экономиканы өнүктүрүүгө, саламаттык сактоо объекттерин чыңдоого багытталган долбоорлор артыкчылыктуу деп таанылат.