Ош шаарында Абдувалиев көчөсүнүн Мамыров көчөсүнөн Абдыкадыров көчөсүнө чейинки аралыгында жолду оңдоо жана жаңылоо иштери улантылууда.

Муниципалитет билдиргендей, учурда подряддык уюм ирригациялык системаны орнотууну жана асфальтбетон төшөө иштерин жыйынтыктап жатат.

Жаңыланган жол бөлүгү заманбап талаптарга ылайык келип, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилери күтүлүүдө.