Учурда мамлекеттик төлөмдөрдү ар кандай мекемелер өзүнчө маалыматтык системалары менен иштеп чыгууда. Бул маалымат алмашууну жана акча которуу процесстерин бирдиктүү механизмге бириктирүүгө тоскоолдук кылууда.
Жаңы система эмнени камтыйт?
Сунушталган ЕСВ системасы мамлекеттик органдар менен банктардын ортосундагы санариптик өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат. Жарандар өтүнмөлөрдү «Тундук» мобилдик тиркемеси аркылуу берсе болот, ошондой эле акча которулгандыгын жана өтүнмөнүн абалын көзөмөлдөй алышат.
Жаңы тартипте төлөмдөрдү алуу үчүн кошумча документтерди тапшыруунун кереги жок, анткени бардык маалыматтар мамлекеттик системаларда автоматтык түрдө болот. Колдонуучулар акчаны алуу үчүн банкты өз алдынча тандай алышат.
Төлөмдөрдүн түрлөрү
Бирдиктүү системага төмөнкүдөй мамлекеттик колдоо чаралары киргизилет:
- «Балага сүйүнчү» бир жолку жардамды;
- «Бала ырысы» ай сайын берилүүчү жөлөк пулду;
- «Бала Береке» төлөмдөрүн жана башка колдоо чараларын.







