Кыргызстанда мобилдик байланыш кызматынын абоненттеринин саны 2025-жылдын аягына карата 7,8 миллионду ашты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
2010-жылдан 2025-жылга чейин мобилдик байланыш абоненттеринин саны болжол менен 1,5 эсе өстү. Айрыкча 2010-2015-жылдар аралыгында 1,7 миллионго көбөйүү байкалган.
Ошол эле мезгилде стационардык телефон байланышынан пайдаланган адамдардын саны кескин азайды. 2010-жылы 493 миң болгон стационардык телефон алгандар 2025-жылы 142 миңге түштү.
Бул маалыматтар өлкөдө мобилдик байланыш жана интернет колдонууну артыкчылыктуу багытка айлантып жаткандыгын көрсөтүп турат. Мындай жагдай стационардык байланыштын ордуна заманбап байланыш технологияларынын жайылышынан кабар берет.
2025-жылдын аягындагы байланыш көрсөткүчтөрү









