Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги МСЭК системасын өркүндөтүү боюнча үзгүлтүксүз ишин улантууда. Министрлик бул процессте заманбап санариптик чечимдерди киргизип, инвалиддик статусун аныктоо процедураларын эл аралык стандарттарга жана ченендерге ылайыкташтырып жатат.
Процесстердин жөнөкөйлөшү жана ачыктыгын жогорулатуу
Министрликтин негизги басымдуу максаттарынын бири – системанын ачык-айкындыгын жогорулатуу, мамлекеттик кызматтарды алуу процедураларын жеңилдетүү жана медико-социалдык экспертиза жүргүзүү кезинде коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу болуп саналат.
Иш-процесстердин оптимизациясы
«Мамлекеттик акселераторлор» программасынын алкагында, МСЭК иш-процесстери 2025-жылы оптималдаштырылган. Анын натыйжасында берилүүчү документтердин саны алтыдан экиге кыскартылып, мамлекеттик ведомстволор аралык электрондук өзаракенизм «Тундук» системасына интеграцияланган.
- Бул өзгөрүүлөр документтерди алуу үчүн МСЭКга жеке кеп келүү зарылчылыгын жокко чыгарып, кезектерди кыскартып, ошондой эле жарандардын убакыттык жана каржылык чыгымдарын азайтууга мүмкүндүк берди.

